Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
3-август: Кыргызстанда дагы 410 адамга коронавирус жугуп, 653 адам айыкты
03.08.2020 | 11:14
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 410 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 3-августа Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандар жашаган аймактар эң көбү Бишкектен 94 адам, экинчи Ош облусу 79, Ысык-Көл облусу – 66, Ош – 47, Жалал-Абад облусу – 37, Баткен облусу – 34, Чүй облусу – 33, Нарын облусу – 12, эң азы Талас облусу – 8.
18-марттан 3-августка чейин өлкөдө жалпы 37 миң 129 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми бир сутка ичинде илдеттен 653 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 27 миң 927.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом