Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Улуттук банк валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты
09.02.2026 | 11:13

Кыргызстандын Улуттук банкы 6-февралда валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Бул борбордук банк 2026-жылда жасаган экинчи интервенция.
Буга чейин Улуттук банк 19-январда интервенция жасап, 134 млн 50 миң доллар саткан.
Интервенция өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн жасалат. Өткөн, 2025-жылы, Улуттук банк сегиз жолу интервенция жасап, валюта базарына жалпы 853 млн доллар саткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика