Тынар Курбаналиев: Депутат десе кулагыма “мошенник” деп угулат

06.08.2020 | 17:25

Соңку учурда ар кайсы маданият өкүлдөрүн, “партия менен парламенттик шайлоого барат экен, депутат болот экен” деп байма-бай айтыла баштады.

Алардын арасында көп аты аталгандардын бири куудул Тынар Курбаналиев.

Бир нече күн мурун ЖК депутаты Рыскелди Момбеков да телеканалдардын бирине берген маегинде “Ата-Мекенден” депутат болууга чакырган эле.

Бул интернет айдыңында кызуу талкууну жаратып, Курбаналиев да депутаттык мандат тууралуу үн катты.

“Урматтуу достор ,депутат деген сөз менин кулагыма мошенник дегендей эле угулуп калды”, – деп билдирүү калтырган куудул Фейсбук баракчасына. 

Scroll to Top