Садыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды
Баткен: чек арага жакын жерде ок атылып, кыргыз жараны жарадар болду
07.08.2020 | 08:52
6-август күнү саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Тажикстандын чек арасына жакын жерде белгисиз тараптан атылган октон жарадар болду. Маалыматты Баткен райондук администрациясы жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктаган.
Маалыматка караганда, ок тургундун желкесине жана жамбашына тийип, ал оруканага жеткирилген.
Кыргызстандын чек ара кызматы ушул эле күнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылуу болгондугу тууралуу маалымат тараткан. Атылган октон кыргызстандык чек арачы колунан жаракат алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык экендиги айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар