•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Баткен: чек арага жакын жерде ок атылып, кыргыз жараны жарадар болду

6-август күнү саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Тажикстандын чек арасына жакын жерде белгисиз тараптан атылган октон жарадар болду. Маалыматты Баткен райондук администрациясы жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктаган.

 Маалыматка караганда, ок тургундун желкесине жана жамбашына тийип, ал оруканага жеткирилген.

Кыргызстандын чек ара кызматы ушул эле күнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылуу болгондугу тууралуу маалымат тараткан. Атылган октон кыргызстандык чек арачы колунан жаракат алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык экендиги айтылган.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Кытай Кыргызстан менен болгон чек арасын убактылуу жабат

ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Баткенде той өткөргөн тогуз адамга айып салынды, - сүрөт

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат, - сүрөт

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Казакстандан Кыргызстанга Чу дарыясын кечип өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *