Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
Коронавирус жана пневмониядан 6 адам каза болду
12.08.2020 | 11:20
Соңку суткада 6 адам коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
“COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда жалпы 6 адам. Алар Бишкек шаарында 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 адам”, – деди Акматова.
Муну Менен Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1484 адамга жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом