ӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза тапты
Сокулукта мал уурдагандар кармалды
18.08.2020 | 16:09
Чүй облусунун Сокулук районунда мал уурдоого шектелип, 3 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Асылбаш айылынын тургуну анын 15 жандыгын уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган.
Окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 29 жаштагы С.Ж., 19 жаштагы Ш.А. жана 31 жаштагы Б.К. аттуу адам кармалган.
“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган адамдардын дагы 21 мал уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар