Мадамин Каратаев: Илдетти жуктургандар өткөн жумага салыштырмалуу 40%га азайды

Мадамин Каратаев: Илдетти жуктургандар өткөн жумага салыштырмалуу 40%га азайды

Соңку бир жумада илдетти жуктургандар 40 пайызга азайды. Бул туралуу бүгүн, 18-августта брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата эпидемиологиялык кырдаал төмөндөө тенденциясына ээ болууда.

«Оорунун жаңы учурлары 2020-жылдын 13-июлунан 19-июлуна чейин эң көп катталган. 10-августтан 16-августка чейин өткөн жумага салыштырмалуу -40%га төмөндөө байкалууда», — деди Каратаев.

Каратаевдин айтымында, эгерде 3-августтан 9-августка чейин 3012 учур болсо, 10-августтан 16-августка чейин 1814 учур катталган.

«Акыркы жумада тестирлөөдөн өткөн жарандардын арасында ПЧР-анализдери COVID-19 вирусунун бар экенин көрсөткөндөр 4,9%ды түздү. Буга чейин 17 жума бою бул көрсөткүч 23,1%ды көрсөтүп келген», — деп кошумчалады ал.

Ал белгилегендей, баалоочу натыйжалуу репродукциялык сан Роспотребнадзордун методикасы жана ДССУнун методикасы боюнча эсептелген. Тагыраагы бул изоляцияга алганга чейин 1 оорулуу 1 адамды жугузат эсеби боюнча алынган адамдардын саны. Мисалы, 2020-жылдын 2-июлунда бул көрсөткүч 2 адамды түзсө, 2020-жылдын 16-августунда бул көрсөткүч 0,8 адамды түздү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>