Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Бишкекте бир нече ок атуучу курал менен 41 жаштагы адам кармалды
20.08.2020 | 10:19
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 14-августта ыкчам – иликтөө иш чарасынын алкагында «Мазда 626» үлгүсүндөгү автоунаа тинтүүгө алынган. Автоунаадан 3 тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана кыскартылган 2 мылтык табылган.
Курал-жарак алып бара жаткан адам мурда бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы Ч.М. аттуу адам болуп чыккан.
Бул факты боюнча “Мыйзамсыз түрдө ок-дары жана курал-жарак сатуу” беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар