Айпери Медет кызы бүгүн Хорватиядагы дүйнө чемпионатында килемге чыгатӨзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдөЖК төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуштуБишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер кеңейетТүркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстандын ИДПсы 8 айда 1 триллион сомдон ашты – Касымалиев
Улукбек Кочкоров министрлик кызматтан кетти
24.08.2020 | 16:02
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров отставкага кетти. Ал мындай билдирүүнү Бишкекте өткөн маалымат жыйында жасады.
Кочкоров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз бергендигин айтты.
«Бүгүнкү күндө мен мамлекетибизге көбүрөөк пайда алып келгим келет. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди коём. Учурда министрлик кызматтан кеттим», – деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар