logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Улукбек Кочкоров министрлик кызматтан кетти

Улукбек Кочкоров министрлик кызматтан кетти

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров отставкага кетти. Ал мындай билдирүүнү Бишкекте өткөн маалымат жыйында жасады.

Кочкоров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз бергендигин айтты.

«Бүгүнкү күндө мен мамлекетибизге көбүрөөк пайда алып келгим келет. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди коём. Учурда министрлик кызматтан кеттим», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>