Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
БШК Бек Борбиевдин “Мекеним Кыргызстан” партиясына арнаган ыры тууралуу маселени карайт – видео
27.08.2020 | 13:24
Борбордук шайлоо комиссиясы “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт иштерин эрте жүргүзүү маселесин отурумунда карайт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган партиядан талапкер ырчы Бек Борбиевдин “Мекеним Кыргызстан” аттуу видеосу жана ыры пайда болгон. Ал чыгарма ютубка жүктөлгөн.
Видеодон бир нече жолу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын логотибин көрүүгө болот.
https://www.youtube.com/watch?v=kq7dbvs_FgY&feature=emb_title
Алдыдагы 2020-жылдагы шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
Рубрики: Жаңылыктар