11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Премьер-министр: Тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек
15.09.2020 | 18:02
Кафе, ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-сентябрда брифинге өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
“Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларды 100 орунга чейин ачылышына республикалык штабда маселе каралмайынча, алардын ачылбастыгын эскертемин. Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээелери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат”, – деп билдирди премьер-министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом