ТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмаштыКара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду
Нарында жугуштуу ооруларды дарылоо бейтапканасынын курулуш иштеринин 44% аяктады
20.09.2020 | 12:17
Нарын шаарындагы жаңы инфекциялык оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 44% түзөт. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бүгүнкү күндө объект боюнча 100%га фундаменттин чуңкурлары казуу жана шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу бүткөрүлгөн. Учурда, фермаларды жана имараттын темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда.
Бардыгы болуп 76 жумуш жана 7 керектүү атайын автомобиль техникасы тартылган.
Белгилесек, 2019 м2 жалпы аянты бар 70 орунга эсептелген оорукананын курулушуна “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун” тарабынан 36 млн сом каржыланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом