Бишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирди
БШК: Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар
24.09.2020 | 14:30
Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар.
Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал мыйзамга ылайык, шайлоого 10 күн калганда БШК шайлоочулардын соңку тастыкталган тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүүсү керектигин айтып, тизмени тактоо жыйынтыкталганын айтты.
“Биздеги бүгүнкү маалымат боюнча өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 523 миң 532 адамды түзөт.
Мурдагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 94 миң адамга көбөйдү”, – деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат