БШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды
БШК колунда бир канча бюллентенди урнага салып жаткан аялдын видеосу боюнча комментарий берди
04.10.2020 | 12:53
Социалдык тармактарда тарап жаткан видео Кара-Суу районунда урна иштебей калган учурдагы видео болушу мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров Reporter.kg’ге билдирди.
Анын айтымында, Кара-Суу районунда урна иштебей калгандыктан, алар видеодо көрсөтүлгөн урнаны текшерүүгө аргасыз болушкан.
«БШКнын мүчөлөрү атайылап даяр бюллетендерди толтурган деген маалымат жок. Бирок бул видео мен айтып жаткан ишке байланыштуу болушу мүмкүн », – деди ал.
Reporter.kg сайтынын телеграм каналына окурман колунда бир канча бюллентенди урнага салып жаткан видеону жиберген. Окурман бул кайсы аймакта жана кайсы шайлоо участкасында экенин маалымдаган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар