“Форумга” Бабанов баштаган саясатчылар чогулууда

09.10.2020 | 14:58

Бишкектеги “Медиа Форум” акционердик коомунун алдында “Республика” жана “Социал демократтар” партиясынын тарапташтары акцияга чогулууда. Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, учурда 500дөй киши топтолуп турат. Алардын арасында бүгүн премьер-министрликке сунушталган Өмүрбек Бабанов, “Ата-Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков жана экс-президенттин учурунда депутат болгон саясатчылар бар. Жыйында Алмазбек Атамбаевдин да сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

4-октябрда Кыргызстанда парлмаменттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптар шайлоонун эртеси митинге чыгып, акция массалык башаламандык менен коштолгон. Учурда өлкөдө коомдук-саясий кризис уланууда.

Толкундун эпкини менен 6-октябрга караган түнү коррупция үчүн айыпталып түрмөдө отурган бир катар саясатчылар менен экс-президент Алмазбек Атамбаев да абактан чыккан.

Scroll to Top