«Форумга» Бабанов баштаган саясатчылар чогулууда

«Форумга» Бабанов баштаган саясатчылар чогулууда

Бишкектеги “Медиа Форум” акционердик коомунун алдында “Республика” жана “Социал демократтар” партиясынын тарапташтары акцияга чогулууда. Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, учурда 500дөй киши топтолуп турат. Алардын арасында бүгүн премьер-министрликке сунушталган Өмүрбек Бабанов, «Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков жана экс-президенттин учурунда депутат болгон саясатчылар бар. Жыйында Алмазбек Атамбаевдин да сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

4-октябрда Кыргызстанда парлмаменттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптар шайлоонун эртеси митинге чыгып, акция массалык башаламандык менен коштолгон. Учурда өлкөдө коомдук-саясий кризис уланууда.

Толкундун эпкини менен 6-октябрга караган түнү коррупция үчүн айыпталып түрмөдө отурган бир катар саясатчылар менен экс-президент Алмазбек Атамбаев да абактан чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>