Кара-Сууда 589 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталдыТүштүк Кореяда Дональд Трамп менен Си Цзиньпин жолуктуЖМКларда Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылууда. ИИМ бул маалыматты төгүндөдүБишкекте Орто-Сай айылы менен Көк-Жар конушун бириктире турган жол салынат30-октябрга карата аба ырайыОш шаарынын башкы планы иштелип чыгат
Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды
20.10.2020 | 11:35
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал Бажы кызматындагы коррупциялык иш боюнча суракка чакырылган. Сурак бүгүнкүгө белгиленген.
Буга чейин Бажы тутумунда 2016-жылдын башынан ушул күнгө чейин Райымбек Матраимовдун жакындары көмүскө кирешелерди алуу үчүн коррупциялык схеманы түзүшкөн, анын натыйжасында мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ошондой эле, Матраимовдун эң жакын чөйрөсүнө кирген жана жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 40тай адам аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар