Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Жапаров антикоррупциялык кызматтын ишин кайра жандантты
21.10.2020 | 09:43
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетээр алдында жоюлган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды. Тиешелүү жарлыкка президентин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда кол койгон.
Ага ылайык бул кызматты жоюу боюнча 14-октябрда кол коюлган жарлык күчүн жоготту деп табылат.
Коррупцияга каршы кызматтын ишин жандантуу боюнча УКМКга төмөнкү тапшырмалар берилген:
— Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
— Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом