Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Президенттикке талапкерлердин БШКга документ тапшыруусу качан аяктайт?
26.10.2020 | 11:35
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана ага даярдануу боюнча иш-чаралардын графигин бекитти.
24-октябрда өткөн БШКнын жыйынында мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоонун күнү белгиленген.
Президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлер 6-декабрь саат 24:00гө чейин БШКга талап кылынган документтерди тапшырышы керек.
Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөрүн тастыктаган.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат