5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөтӨкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койду
Парламент комитети вице-премьерликке Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды
28.10.2020 | 10:33
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети вице-премьер-министр кызматына Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды.
Ал эми вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлүп, колдоо тапты.
Борбордук шайлоо комиссиясы 27-октябрда Элвира Сурабалдиеванын өз арызына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Сурабалдиева 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы менен ал эми Исмаилова мурдагы бийликтин “Биримдик” партиясы менен шайлоого катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат