Британиялык окумуштуулар COVID-19га каршы алгачкы вакциналардын кемчиликтери бар экенин жарыялашты

Британиялык окумуштуулар COVID-19га каршы алгачкы вакциналардын кемчиликтери бар экенин жарыялашты

Биринчи муундагы коронавирустук вакциналар бардыгына жардам бере бербейт. Бул  оорунун белгилерин гана азайтат, жугуштуу оорунун алдын албайт. Бул тууралуу РИА Новости  Улуу Британиянын өкмөтүнүн COVID-19 вакцина боюнча жумушчу тобунун башчысы Кит Бингэмге таянуу менен жазган.

«Вакциналардын биринчи мууну илдетке жардам бербөөсү мүмкүн, бул инфекциянын алдын албайт, тескерисинче симптомдорду азайтат. Биз буга даяр болушубуз керек», — деген ал.

Жумушчу топтун башчысы ошондой эле Улуу Британияда COVID-19га каршы вакцина болобу же жокпу азыр белгисиз экендигин белгилеп, өтө эле ишенимдүү жана оптимист болбоого чакырды.

Бингем материалда Улуу Британиянын өкмөтүнүн жумушчу тобунун алты вакцинаны алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирген.

Буга чейин өкмөттүк илимий кеңешчилер 2021-жылдын башында Британияда вакцина даяр болот деп күтүп жатышканын билдиришкен. Алар эмдөөнүн Рождество майрамына чейин эле башталышы мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт. Бристоль университетинин адистери жүргүзгөн көз карандысыз изилдөө буга чейин Оксфорддо иштелип жаткан вакцинанын коопсуздугун жана натыйжалуулугун тастыктады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>