Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, конференция Орусиянын төрагалыгы астында өтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл
Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө өлкөлөр – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларус, Иран, Монголия.
Бул эл аралык уюмдун башкы максаты, экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим жана маданият жаатында өз ара аракеттешүү, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү болуп саналат.