Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Талант Мамытов Айдарбековду жумуштан алып салды
01.12.2020 | 21:54
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгону өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.
Чыңгыз Айдарбеков бул кызматка октябрь айынын аягында дайындалган. Ал 2018-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат