2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан мамлекеттик кызматкер камралды
05.12.2020 | 14:58
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери 60 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган адам Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. болгон.
Ал 27-ноябрь күнү Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн УКМК кызматкерине акча сунуштаган.
Аталган факт пара берүү фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө иштери башталган.
[su_image_carousel source=”media: 50833,50834″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар