Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Автобустан кечигип калган орусиялык аял аялдамадан 10 млн рубль утуп алды
16.12.2020 | 10:50
«Лотереяларга катышуу биздин үй-бүлөнүн салты. Ар жекшемби сайын биз сыналгынын алдына чогулуп, тираждардын берүүлөрүн көрөбүз». Бул тууралуу орус басылмаларына лотореядан 10 миллион рубль утуп алган Сибирдик аял билдирген.
Маалыматка ылайык, сибирдик аял маршруттук таксиге кечигип калбоо үчүн шашып, чуркап бара жаткан, бирок күйөөсү аялдаманын жанындагы күркөдөн токтоп, билет сатып алууну талап кылган.
Аял сатып алган “Орус Лотосунун” 1364-тиражынын эки айлампасында тең утушка ээ болуп, он миллион рубль жана андан тышкары жүз рубль алган.
Жубайлар лотореядан утуп алган акчасын үй курууга жана жаңы унаа сатып алууга жумшоону пландап жатканын билдиришкен.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар