Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Финполиция ири суммадагы пара менен ИИМ кызматкерин кармады – видео
22.12.2020 | 16:40
Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясына “Т.Б.” аттуу жаран милиция кызматкери 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган.
Аталган иш боюнча ыкчам аракеттер башталып, 21-декабрда 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБинин кызматкери “Р.Б.” аттуу адам кармалган.
Шектүү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар