Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп каттады
21.01.2021 | 09:09
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгында БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп каттады. Ал шайлоочулардын 1 млн 105 миң 248 добуш алды, бул 79,20%, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүнө ээ болду.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны 3 млн 563 миң 574 шайлоочуну түздү.
2021-жылдын 10-январындагы кезексиз президенттик шайлоого катышкан шайлоочулардын саны – 1 млн 395 миң 513 адам, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы санынын 39,16 пайызын түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат