Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Бишкекте февралдан тарта бала бакчалар иштеп баштайт
22.01.2021 | 15:32
Бишкекте бала бакчалар февраль айынан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адиси Аэлита Жолчиева билдиргенин «Марал» жазды.
«Билим берүү башкармалыгы бала бакчаларды өз алдынча ача албайт. Санэпидемкөзөмөл борборунун алгоритми жана мэриянын штабынын талаптарына ылайык иш жүргүзөбүз. Ага ылайык, бала бакчалар февраль айынан тарта иштеп баштайт», — дейт Жолчиева.
Анын айтымында, учурда калаада 11 бала бакча иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом