Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы алмашты. Бул тууралуу өкмоттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каланбек Маркаев өз арызы менен Баткен районунун акими кызматынан кеткен.
Анын ордуна премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Акылбек Орозов дайындалган.