БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Райымбек Матраимов 2 айга камакка алынабы?
19.02.2021 | 13:51
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кечээ, 18-февралда кечке маал 48 саатка камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.
Бүгүн, 19-февралда саат 14.30да УКМКнын алдында Матраимовдун тарапташтары аны бошотуу талабы менен митингге чыгат. Бул тууралуу журналист Элнура Алканова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Анын айтуусунда, Райымбек Матраимовду санкцияга алып, 2 айга камакка алына тургандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар келүүдө.
Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. УКМКнын аны тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизип, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карамак.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар