Президент Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачтыЕвропа инвестициялык банкы «CASA-1000» долбоорун кошумча каржылайт. Президент мыйзамга кол койдуСамат Кыргыз Абдрахманов Бишкектеги бокс кечесинде жеңишке жеттиАрыкка чөгүп кеткен. Кара-Балта жактан психдиспансердин бейтабынын сөөгү табылдыКыргызстандык спортчулар Азия жаштар оюндарында төрт медаль уттуКара-Көлдүк аксакал президентке турак жай маселесин айтты
Кыргыз-орус энергетика министрлери жолугушту
24.02.2021 | 18:07
24-февралында, президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри К.Турдубаевдин Орусиянын энергетика министри Н.Шульгинов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилердеги кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан.
Өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча тыгыз байланыштарды улантууга кызыкчылыктарын билдирилгени айтылат.
