Бишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстандын төрт балбаны жарым финалга чыктыАкысыз кино көрсөтүүлөр: Бишкекте Франкофондук тасмалар фестивалы башталатНовопавловкада 3 млн сомдук акциздик маркасы жок мотор майлары табылдыБишкекте Улуттук филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланатReporter.kg жана «BiExpo» көргөзмө компаниясы Кыргызстандын позитивдүү имиджин алга жылдыруу боюнча өнөктөш болуштуКыргызстан менен Орусия энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту
Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу берилбейт
09.03.2021 | 09:36
Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаарынын айрым конуштарында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мериясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү борбордун айрым аймактарында суу токтотулат.
Алар:
- Эне-Сай;
- Дордой-1, Дордой-2;
- № 21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- № 2, 2а жана 4 бала бакчаларында;
- № 9 үй бүлөлүк медицина борбору;
- № 20 китепкана;
- № 7, №6 участкалык милициялары;
- №21, №94 орто мектептеринде убактылуу таза суу берилбейт.
Суу менен камсыздоо үчүн бардык суроолор боюнча 1533 номерине чалып байланышсаңыздар болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом