ЕӨБ Кыргызстанга электр түзүмүн өнүктүрүү үчүн 61 миллион евродон ашык каражат бөлөтМурдагы депутат Шайлообек Атазов абактан чыктыӨкмөт жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи реалдуу суроо-талаптан артта калып жатканын моюнга алдыИндияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алындыТаласта медициналык жана коргонуу муктаждыктары үчүн төө буурчактан протеин өндүрүү технологиясы иштелип чыкты26-январга карата аба ырайы
Жалал-Абадда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 30 миңден ашык бөтөлкө алкоголь ичимдиги табылды
12.03.2021 | 16:13
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо, тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтери жок сатуу фактыларын аныкташты.
Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 30 миң 168 бөтөлкө алкоголдук продукция алынды.
Тактап айтканда, эки дүкөндөн күмөндүү акциздик маркалар менен 7 миң 300 бөтөлкө алкоголь тартып алынды. Мындан тышкары, лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатып жаткан ири кампалар аныкталды, ал жерден 22 миң 868 бөтөлкө продукция тартып алынган.
Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар