Кыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачатТрамп АКШ баңги картелдерине каршы кургактагы операциясын баштай тургандыгын билдирдиСадыр Жапаров: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жататКоммерциялык эмес уюмдар грант жана кайрымдуулук каражаты боюнча ачык отчет берүүгө милдеттендирилдиКыргызстан парламенттик шайлоого Германиядан байкоочуларды катышууга чакырдыПрезидент Садыр Жапаровдун төрагалыгында виртуалдык активдер боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт
Кеминде кызматкеринен акча талап кылган сот аткаруучу жумуштан бошотулду
18.03.2021 | 12:54
Опузалоого шектелип жаткан Чүй облусунун Кемин районунун сот аткаруу кызматынын улук сот аткаруучусу М.А.А. ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Сот департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот аткаруучу мамлекеттик органдын беделин түшүрүүгө байланыштуу Сот департаментинин директору У.Кожомбердиеванын буйругу менен иштеп бошотулду.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда “Кемин районунун улук сот аткаруучусу пара талап кылды” деген ат менен видео материал тараган. Анда сот аткаруучу кол алдында иштеген адамдан акча талап кылган.