Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
24.03.2021 | 10:24
Президент Владимир Путин коронавируска каршы эмделгенин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РБК жазды.
Анын айтымында, мамлекет башчысы өзүн жакшы сезүүдө, шаршемби күнү президент кадимки иш күнүн өткөрөт.
Мамлекет башчысы эмдөө планын 22-мартта, өкмөт мүчөлөрү менен вакцинация боюнча өткөн жыйында билдирген. Президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков Путин кандай вакцина алат деген суроого жооп берип жатып, ал Орусияда иштелип чыккан үч препараттын бири болорун айтты – Sputnik V, EpiVacCorona же KoviVak. “Алардын бардыгы жакшы жана ишенимдүү” деп жыйынтыктады Песков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом