Ош шаарынын мэри жаңы суу түтүгүнүн курулушун тездетүүнү тапшырдыКыргызстан менен Франциянын ӨКМдери биргелешкен тоо-куткаруу машыгууларын өткөрүштү5-июль: Кыргызстанда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, +34°Cге чейин ысыйтБаткендеги ооруканага коюлган жардыруучу зат тууралуу маалымат жалган болуп чыкты — облустук ИИБТүндүк — Түштүк альтернативдик жолунда сел жүрүп, унаа кыймылы жабылды — Транспорт министрлиги«Кыргызстан аэропорттору» Шанхайга каттам ачуу маселесин талкуулоодо
Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
24.03.2021 | 10:24
Президент Владимир Путин коронавируска каршы эмделгенин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РБК жазды.
Анын айтымында, мамлекет башчысы өзүн жакшы сезүүдө, шаршемби күнү президент кадимки иш күнүн өткөрөт.
Мамлекет башчысы эмдөө планын 22-мартта, өкмөт мүчөлөрү менен вакцинация боюнча өткөн жыйында билдирген. Президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков Путин кандай вакцина алат деген суроого жооп берип жатып, ал Орусияда иштелип чыккан үч препараттын бири болорун айтты – Sputnik V, EpiVacCorona же KoviVak. “Алардын бардыгы жакшы жана ишенимдүү” деп жыйынтыктады Песков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом