Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталды
Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында пакистандыктар каракталды
26.03.2021 | 09:44
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында Пакистандын жарандарын тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгууул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-мартта саат 03:00дө 102 кызматына “Ала-Тоо” аянтында Пакистандын 3 жаранын азият түспөлүндөгү 3-4 жигит физикалык күч колдонуп, бычак менен коркутуп 2 iPhone үлгүсүндөгү телефону менен 2 сом акчасын алып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кылмыштын изи суй электе шектүү катары 26 жаштагы Р.у.Б., 27 жаштагы А.у.Т. жана 25 жаштагы Р.у.Н. кармалган. Алар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факты боюнча 202-берене (Карактоо) менен иш козголгон.