Ош-Бишкек жолу селден толук тазаланып, ачылды

29.03.2021 | 13:47

Ош-Бишкек унаа жолуна түшкөн сел тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн,  29-мартта эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунун 431-432-чакырым аралыгында (Разан-Сай айылы) катуу жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолго кум шагыл түшүп, жол жабылган. Жерине атайын топ тартылып саат 10:30да унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 12:20да толук тазаланып бүткөн.

Учурда унаа жол толук ачык, селден эч ким жабыркаган эмес.

[image_carousel source=”media: 65984,65985″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top