Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бюджеттеги каражатты депутаттыкка талапкер кишиге берген аким кармалды
29.03.2021 | 13:40
Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчыларынын бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 205-берененин 3-бөлүмү (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ч.Ч. аттуу чиновник кармалды.
Шектүү бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналганы айтылат.
Кармалган мамлекеттик кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланат.