«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Баткенде шайлоо комиссиясынын имараттынан ноутбук уурдалды
30.03.2021 | 11:30
Баткендеги аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынан ноутбук уурдалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу билдирди.
Анын айтымында, факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү кармалып, уурдалган каражаттар кайтарылган.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун айтымында, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы 78 мыйзам бузуу катталган. Анын ичинен 21 кылмыш иши, 15 тартип бузуу жана 4 мыйзам бузуу катталды.