Ысык-Көлдө жол кырсыганан 3 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыганан 3 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыганан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 29-март күнү саат 18:26 чамасында Жети-Өгүз районундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымында (Тилекмат айылы) болгон. Анда “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кырсыктан 3 киши жабыркаган.

 

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары унаага кыпчылып калган 35 жаштагы кишини чыгарышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>