Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?
Коронавирус инфекциясынын 164 учуру катталып, 1 бейтап каза болду
01.04.2021 | 10:02
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 164 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 4248 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Баткен, Ош, Талас, жана Нарын облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 2 медицина кызматкеринен табылган.
Алар:
- Бишкек шаарында – 97;
- Ош шаарында – 4;
- Чүй облусунда – 51;
- Ысык-Көл облусунда – 8;
- Нарын облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 88 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 1 киши каза болду.