“Мени каалаганча каралагыла”   Ташиев тажик саясатчысына жооп кайтарды

“Мени каалаганча каралагыла”   Ташиев тажик саясатчысына жооп кайтарды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аны сынга алган Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифиге социалдык баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

Ал билдирүүсүндө Хамрохон Зарифи ага эмне үчүн мындай пикир айтканын түшүндөстүгүн билдирген.

Ошондой эле кыргызстандыктарды тажик тарапка достук менен мамиле кылууга провокацияларга алдырбоого чакырган.

“Тажикстандын бир аксакалы Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгын жазган экен, ачыктап коюну туура көрдүм.

Мен эмне кылдым? Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавы тууралуу биздин сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым, болду, жакынкы коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айткан жокмун.

Анда эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман пикирин айтып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, балким менин өлкөмдүн кызыкчылыгына туура келбеген алардын сунушуна макул болбой койгонумабы? 

Кандай гана болбосун, мен бардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот.
Мени каалаганча каралагыла, бирок сураныч Улуу Кыргыз элиме тийишпегиле”,
— деп жазган Ташиев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>