Бишкекте автобус кулап кеткен адамдын башын тебелеп кеттиИИМ Екатерина Биволду сыртынан камакка алып, издөө жарыяладыАдылбек Касымалиев КУУга III даражадагы «Манас» орденин тапшырдыКант шаарына жакын айланма жолунда КамАЗ менен фура кагыштыБишкекте бир нече алдамчылыкка шектелген аял кармалдыПарламенттик шайлоо. БШК 29 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
Абактагы активисттин уулу соттон атасын бошотууну суранды
06.04.2021 | 13:25
Бишкек шаардык сотунда “бийликти басып алууга чакыруу”айыбы менен кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) баш коргоо чарасы каралууда.
Анын жүрүшүндө активисттин кичине баласы “атамды бошоткула” деген жазуу менен шаардык сотко келген.
Активисттин уулунун сүрөттөрүн “Фейсбук” колдонуучулары жарыялашууда.
Белгилей кетсек, Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу “бийликти кулатууга чакырган” деп айыпталып кармалган. Ал Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 264-беренесине (Массалык баш аламандыктар) беренеси менен айыпталууда.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин баш коргоо чарасын карап, 15-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом