Дзюдо: Кыргыз балбан олимпиаданын вице-чемпионун утуп жарым финалга чыкты

Дзюдо: Кыргыз балбан олимпиаданын вице-чемпионун утуп жарым финалга чыкты

Дзюдо боюнча кыргызстандык балбан Кубанычбек Айбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатынын чейрек финалында казакстандык Элдос Сметовду утту.

14 мүнөткө созулган кармаш 1:1 эсеби менен уланып, эки балбанда тең экиден эскертүү (шидо) бар эле, ал эми Элдос Сметов үчүнчү эскертүү алып, жыйынтыгында жарым финалга кыргызстандык дзюдочу чыкты.

Кубанычбек Айбек уулу буга чейин түркмөнстандык  Хакберди Жумаевди жеңген.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 30 өлкөдөн келген 215 балбан 15 комплект медаль үчүн күрөшөт.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>