Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Жол эрежесин бузгандар жоопко тартылат — Бишкекте “Рулда” рейди өтүүдө
22.10.2025 | 10:05
Бишкек шаарында учурда «Рулда» аттуу масштабдуу рейд өтүп жатат. Анын алкагында бардык транспорт каражаттары текшерүүдөн өтүүдө.
Кайгуул кызматынын маалыматына караганда, рейддин максаты — жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларын аныктоо, жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө жолдордун айрым бөлүктөрү тарылтылып, кыймылга көзөмөл күчөтүлгөн. Бул кадам жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана мыйзам бузууларды тез аныктоого шарт түзөт.
Маалыматта Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, башка катышуучуларга урмат көрсөтүүнү жана сабырдуулук менен мамиле кылууну эскертти.
Рейд бир нече күн бою уланат жана шаар ичиндеги негизги жолдорду камтыйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом