Бишкекте 3 жаштагы кызды уурдаган киши кармалды

09.04.2021 | 09:35

Бишкек шаарында 3 жашар кызды уурдап кеткен тургун кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя кечээ, 8-апрелде болжол менен саат 13:36 чамасында Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 33 жаштагы айым арыз менен кайрылган.

Маалым болгондой, жарандык никедеги жолдошу арыз ээсинин 2018-жылы туулган кызын BMW X5 үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап кеткенин билдирген.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 39 жаштагы адам кармалып, Октябрь райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

[image_carousel source=”media: 68649,68648″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top