Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Кубаныч Үмөталиевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 23-мартынан тартып Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Үмөталиев Кубаныч Токтомуратовичтин ыйгарым укуктары токтотулган жана кызматтан бошотулган.